Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги: Украина күчтөрүнүн ири чабуулдары үзгүлтүккө учурады

Министрликтин атайын өкүлү каршылаш тараптын жоготуулары кандай болгонун санап берди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү 4-июнда таңдан тарта Түштүк Донецк багытында беш жерде ири кол салууларды баштаган. Бул тууралуу РИА Новости РФ Коргоо министрлигине шилтеме кылып жазды.
Аталган министрликтин өкүлү Игорь Конашенков төмөнкүлөрдү билдирген.

"Каршылаш тарап 4-июндун таңынан тарта Түштүк Донецк багытында беш жерде ири кол салган чабуулдарды баштап, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык резервдеринен механизациялаштырылган 23 жана 31-бригадаларын согушка киргизди. Буларга башка аскердик бөлүктөрү да жардамга келген", — деп билдирген аталган министрликтин өкүлү Игорь Конашенков.

Чабуулга баш-аягы механизациялаштырылган алты, танкалык эки батальон киргизилген. Украинанын Куралдуу күчтөрү Киев белгилеген россиялык коргонуунун аялуу жерлерин мелжеген.
"Каршылаш тараптын ойлогону ишке ашып, ийгиликке жете алган жок", — деген Конашенков.
"Восток" тобунун кесипкөйлүк менен жасаган кадамдарынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрү 250 адамынан, 16 танкасынын, жөө аскерлердин согуштук 3 машинасынан, сооттолгон 16 техникасынан кол жууганы айтылды.
Конашенков Россиялык аскерлердин бириккен тобунун, РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов бул кармашта алдыңкы пунктулардын биринде жүргөнүн билдирди.
Батышта да, Киевде да Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулдары туурасында бир нече ирет айтышкан. Андагы негизги багыттардын бири катары Азов деңизине чыгууга мүмкүнчүлүк жараткан Запорожье облусун аташкан. Муну менен Крымга кетчү кургак жолду бууп салууну максат кылышкан.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва контрчабуулдар туурасындагы маалыматтарга дыкаттык менен байкоо салып турганын, алынган маалыматтар атайын операцияны пландоодо колдонуларын белгилеген эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский "контрчабуул" үчүн Батыштан эмне сурап алды? Сереп