Кремль: Кыргызстанда төңкөрүш жасоо аракети боюнча жаңылыктар тынчсыздандырат

УКМК мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданып жүргөн деген шек менен адамдарды массалык түрдө кармап жатканы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бийликти басып алуу аракети боюнча чыгып жаткан жаңылыктар аябай тынчсыздандырат, Кремль ага дыкат байкоо салып турат. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Азырынча өтө тынчсыздандырган маалыматтар келип жатат. Андыктан биз жаңылыктарга кылдаттык менен байкоо салып турабыз. Толук кандуу маалыматка ээ эмеспиз", — деп жооп берген Песков журналисттердин суроосуна.
Бүгүн айрым ЖМКлар УКМК мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданып жүргөн деген шек менен адамдарды массалык түрдө кармап жатканын жазган. Атайын кызмат бул боюнча комментарий бере элек.
Кыргызстанда жасалма шенген визасын даярдаган канал аныкталды