БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин шайлоо округунда эң көп добуш алган Дамира Ниязалиеванын жеңишин жокко чыгарды.
Комиссиянын жыйынында Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары Чынарбек Майлыбеков тергөөдө талапкер добуш сатып алганы тастыкталганын билдирди. Мындан улам аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурады.
Натыйжада БШК Ниязалиеванын талапкер катары каттоосун жокко чыгарып, аны жоопко тартууга уруксат берди. Муну менен анын шайлоодо алган добуштары дагы жокко чыгарылды.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкер бул чечим менен макул болбосо сотко даттанууга укуктуу экенин белгиледи.
Бишкек шаарындагы Ленин шайлоо округунда талапкерди тандоо жараяны 28-майда өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, Дамира Ниязалиева 6 249 добуш алып алдыга чыккан.
Мыйзам боюнча, эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт. Ниязалиевага берилген добуштар 35,86 пайызды түзөт.