Бишкекте мекенине кайткан мигранттар үчүн бизнес-курстар уюштурулат

Ага чет өлкөдө иштеп келген 18 жаштан жогорку жарандар катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Мекенине кайтып келген эмгек мигранттары үчүн "Бизнес жүргүзүүнүн негиздери" аттуу курстар өтөт. Бул туурасында Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.
Мекеме жеке бизнесин баштоо үчүн тажрыйба жетишпей жатса кайрылууга чакырат.
Жумушсуздарга, анын ичинде ишкердик менен алектенүүнү каалаган жарандарга акысыз ишкерликке үйрөтүү курстарынан окууга мүмкүнчүлүк бар. Консультацияларды алуу жана курстарга катышуу үчүн 18 жаштан жогору болуу керек.
Окуудан өтүү үчүн чет өлкөдөн иштеп келген, катталган же жашаган жери боюнча райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө кайрылуу шарт.
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн даректери жана байланыш номерлери:
Ленин району, Бөкөнбаев көчөсү, 99, тел.: 0(312) 303695, 303682;
Биринчи май району, Бөкөнбаев көчөсү, 99, тел.: 0(312) 303748, 303740;
Октябрь району, Токтогул көчөсү, 43, тел.: 0(312) 434765, 434739;
Свердлов району, Токтогул көчөсү 43, тел.: 0(312) 434766, 434749.
Россия мигранттардын каттоого турушун жөнөкөйлөштүрөт