Эколог: Кыргызстанда уулуу заттардын колдонулушу көзөмөлдөнбөйт

Адистин айтымында, тонналаган уулуу заттар кайда кетип жатканы белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстанда зыянкечтер менен отоо чөптөргө каршы күрөшүү үчүн уулуу заттар активдүү колдонулат, бирок аны көзөмөлдөө жана башкаруучу так система жок. Бул туурасында "Көз карандысыз экологиялык экспертизалар" коомунун директору Олег Печенюк Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.
Эколог каттоого алынбаган кооптуу заттарды колдонуунун адамга тийгизген тассири тууралуу айтып берди.
"Биздин өлкөгө документтерге ылайык зыянкечтерди жана отоо чөптөрдү өлтүрүүчү ар түрдүү пестицид жана гербициддерди алып келишет. Бирок алып келинген уулардын санында жана аларды колдонууда чоң айырмачылык бар. Башкача айтканда, биз тонналаган уулуу заттар кайда кетип жатканын билбейбиз. Жаныбыздагы талаага эле же дарыяга чачып жибериши мүмкүн", — деди эколог.
Печнюктун айтымында, башка өлкөлөр колдонуудан баш тарткан коркунучтуу заттарды импорттоого тыюу салууда көйгөй жаралып жатат.
Радио
Керимкулов: пластикти иштетүүдө кошуналар алдыга кетти