Күнгө чыкканда тери кычышып, кандайдыр бир өзгөрүүлөр пайда боло турган болсо дарыгерге кайрылып, консультация алуу керек. Бул тууралуу Кундузбек Тургунбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ультрасыякөк нуру теринин клеткаларына кирип, ДНКга зыян келтирип, тери рагын жана меланоманы пайда кылат.
"Күнгө күйүү – бул теринин ультрасыякөк нурларынан коргонуу реакциясы. UVA жана UVB нурлары клеткаларга кирип, терс таасир этип, анын ичинде ДНКга зыян келтирет. Бул агрессияга жооп катары тери клеткалары меланин бөлүп чыгарат да, тери карарат. Өлкө аймагында фотодерматитке кабылып бизге кайрылгандар арбын болууда. Күн нуру өзү аллерген эмес. Бирок теринин бетиндеги же терең катмарларындагы айрым заттардын түзүлүшүн өзгөртө алат. Бул өз кезегинде теринин ультрасыякөк нуруна сезгичтигин жогорулатып, аллергияны пайда кылат. Күнгө чыкканда тери кычышып, кандайдыр бир өзгөрүүлөр боло турган болсо дарыгерге кайрылып, консультация алуу керек. Ошондой эле D витаминин алуу үчүн атайын күнгө күйүүнүн кереги жок. Күн жумшак тийген учурда көчөдө басуу жетиштүү. Сары, ак терилүү адамдар ультрафиолет нуруна өзгөчө сезимтал болушат. Алар күйбөй кызарып, денесине тактар түшөт. Экваторго канчалык жакын болсок, күн ошончолук активдүү болуп, ультрасыякөк нурлануу күчөйт да, теринин күнгө күйүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климаты дал ушундай. Бизде күн ачуу тиет. Европеиддик фототиптеги, ак, сары терилүү адамдар, тери рагы жана меланомасы, кал, меңи көп бар адамдарга күнгө күйүүгө болбойт. Дегеле эч кимге атайын күнгө күйүүнү сунуш кылбайм. Күндүн нуру терини картайтат. Күндөн коргоочу кремдерди колдонуп, көл жээгине барганда көлөкөдө болууга аракет кылууга чакырам", — деди Тургунбеков.
Ал коронавирус адамдардын иммунитетин началартып, организм сезимтал болуп калгандыктан COVID-19 менен ооруп айыккандарга күнгө күйүүгө болбой турганын кошумчалады.