Чүйдө "Супара: түрк элдеринин салттуу ашканасы" этнофестивалы өтөт. Убакыт-сааты

Саамалыкка жети өлкөнүн алдыңкы ашпозчулары катышары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Эртең, 5-июнда, Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан Supara Chunkurchak этнорезортунда "Супара: түрк элдеринин салттуу ашканасы" аттуу I эл аралык этнофестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дө башталмакчы.
"Этнофестиваль түрк элдеринин ынтымагын жана бир туугандык мамилелерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Биринчи эл аралык этнофестивалга Кыргызстандан тышкары Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Македония, Венгрия, Казакстан өлкөлөрүнөн келген белгилүү ашпозчулар катышат.
Саамалыкка катышууну каалагандар үчүн 5-июнь саат 9:30да Supara Chunkurchak этнорезортунда акысыз трансфер уюштурулат. Ал кайра саат 16:00дө кайтат.
Толук маалымат алыш үчүн + 996 558 3636 53, + 996 999 4650 51 телефон номерлерине чалса болорун айтышты.
Радио
Балетмейстер: "Бий өнөр" — кыргыз бий искусствосундагы тарыхый иш-чара