Антимонополия быйыл буудайды дыйкандардан канча сомдон сатып аларын айтты

Тиешелүү буйрук үстүбүздөгү жылдын 29-майында чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. ӨКМдин Мамлекеттик материалдар резервдер фонду быйыл фермерлерден буудайдын бир килограммын 23 сомдон сатып алат (мурда 25 сом болчу). Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрук 29-майда чыккан.
"Азык-түлүк буудайын Мамлекеттик резервдер фондунун айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу баасы бир килограммы үчүн 23 сомдун деңгээлинде белгиленди", — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстанда канча балык өндүрүлүп, канчасы экспорттолгону айтылды