ЖМКлар ЦРУнун башчысы май айында Кытайга жашыруун барганын жазды

Уильям Бернс бул сапарда Кытайдын чалгындоочулары менен жолукканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. ЦРУнун башчысы Уильям Бернс май айында расмий өкүлдөр менен сүйлөшүү үчүн Кытайга жашыруун барган. Бул тууралуу Financial Times басылмасы маалымат булактарына шилтеме берип жазды.
"Директор Бернс өткөн айда Пекинге барып, ал жерде кытайлык кесиптештери менен жолугуп, чалгындоо каналдары аркылуу ачык байланыш линияларын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген", — деп айтылат маалыматта.
Басылма бул сапар Вашингтондун эки тараптуу мамилелерди стабилдештирүү максатында Пекин менен жогорку деңгээлдеги диалогду кайра баштоо аракетинин фонунда болгонун айтат. Басылманын маалымат булактары АКШнын президенти Жозеф Байден ЦРУнун башчысына чет элдик аяр миссияларды ишенип берерин билдиришкен.
Атын атагысы келбеген америкалык аткаминер FT басылмасына Бернс ал сапарда Кытайдын чалгындоочулары менен жолукканын айтты.
Басылманын ырасташынча, Бернстин сапары мамлекеттик катчынын мурдагы орун басары Венди Шерман 2021-жылдын июль айында Тяньцзинь шаарына баргандан берки эң жогорку деңгээлдеги сапар болду.
АКШ менен Кытайдын мамилеси 2022-жылдын августунда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган сапарынан кийин кескин түрдө салкындаган. Аралды өзүнүн провинцияларынын бири деп эсептеген Пекин бул аракеттерди Тайвандык сепаратизмге колдоо катары көрүп, айыптап, масштабдуу аскердик машыгууларды өткөрдү. Америка Кошмо Штаттарынын асманында кытай шарынын пайда болушу, андан кийин атып түшүрүлгөнү алардын ортосундагы чыңалууну күчөткөн.
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп