8 жашар Айдарбек "Удивительные люди" көрсөтүүсүндө элди таң калтырды. Видео

Айдарбек Кубанычбеков менталдык арифметика боюнча мыкты билимин көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкектин сегиз жаштагы тургуну Айдарбек Кубанычбеков "Россия 1" телеканалындагы "Удивительные люди" көрсөтүүсүндө мнемотехниканы мыкты өздөштүрүп, менталдык арифметика боюнча билими жогору экендигин көрсөттү.
Бала татаал мисалдарды тез эле чечип, баарын акылында оозеки санап чыкты. Теле алып баруучу Александр Пушной аны "адамзаттын келечеги" деп атады.
Эфир бир күн мурда, 2-июнда, болгон.
Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Айпери алтын, Мээрим коло утту