УКМК: диний уюмдун өкүлдөрү кармалды, арасында бир чет элдик бар. Видео

УКМК Кыргызстандын аймагында иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдү улуттук мыйзамдарды сактоого чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний ишмердүүлүккө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырым өткөрүшкөн. Мунусу үчүн административдик жоопко тартылып, айып төлөгөн.
"Кийин алар уруксат берилбеген ишмердүүлүк боюнча маселени чечип бер деп УКМК кызматкерине 1 000 доллар пара сунуштап, 500 долларын берип жаткан учурда кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК Кыргызстандын аймагында иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдү улуттук мыйзамдарды сактоого чакырат.
Баткен: террордук уюмдун желеги табылып, ага бүтүрүүчү кыздардын тиешеси бар дешти