Бишкектеги суу тартыш: бийлик мончо, бассейн, автоунаа жууган жайларды жабууда

Акыркы жылдары борбор калаада жайында элди таза суу менен камсыздоодо маселе жаралып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ичүүчү суунун тартыштыгынан улам Бишкекте рейд жүргүзүлүп, сууну көп сарптаган менчик мончолор, автоунаа жууган жайлар, бассейндер убактылуу жабылууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Акыркы жылдары борбор калаада жайында элди таза суу менен камсыздоодо маселе жаралып келет

2 / 3

Ичүүчү суунун тартыштыгынан улам Бишкекте рейд жүргүзүлүп, сууну көп сарптаган менчик мончолор, автоунаа жууган жайлар, бассейндер убактылуу жабылууда

3 / 3

Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты

Мэриянын билдирүүсүнөн:
Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат. Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат жана ал 40 пайызды камсыздайт. Соңку учурда анын көлөмү азайып кетти;
бир кишиге суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин, тагыраагы, 241 пайызга өскөн. Керектөөнүн көбөйүшүнүн себептеринин бири — жашыл аянтчаларды, чарбалык аянттарды сугарууда таза суу көзөмөлсүз, сарамжалсыз пайдаланылып кетти;
"Бишкек суук канал" башкармалыгы менен Чүй суу чарбанын ортосунда көрсөтүлгөн суу алгычты толтуруу үчүн 11,0 млн. куб метр суу жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Көлдөрдү толтуруу жер астындагы суунун деңгээлин көтөрүүгө жана Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртууга жардам берет. Бирок мөңгүлөрдүн жай эришинен учурда көлдөрдү толтуруу мүмкүн эмес болууда;
"Бишкек суук каналга" Чоң-Алыш каналынан жана "Орто-Алыш" магистралдык суу алгычынын көлмөлөрүн толтуруу боюнча бардык чараларды көрүү, альтернативдик суу өткөргүчтү куруу боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди;
суу түтүгүн, настостук станцияларды куруу жана кошумча скважиналарды бургулоо максатында суу сактагычтардын аймагын кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мэриянын тиешелүү кызматтары рейддерди күчөтмөкчү. Андан сырткары, шаар бийлиги элге таза сууну этияттык менен пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.
Бишкекте суу форуму өттү. Өкмөт аймактын кызыкчылыгын көздөгөн идеяларды күтөт