Ант берген Эрдоган президенттик кызматына киришти. Видео

Түркиянын беш жылдык мөөнөт менен шайланган 13-президенти кызматына расмий киришти.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоганга Жогорку шайлоо кеңешинин президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңгени боюнча протокол тапшырылды. Андан соң Эрдоган Улуттук улуу жыйындын алдында ант берип, президенттик кызматка расмий киришти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
13-президент Эрдогандын жеңиши боюнча проктолду ага Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси жана парламенттин эң улуу депутаты Девлет Бахчели тапшырды. Андан кийин Эрдоган антын берип, Түркиянын президенттигине расмий киришти.
Түркияда президенттик шайлоонун биринчи турунда, 14-майда азыркы президент Эрдоган толук жеңишке жеткен эмес. Саясий өнөктүктүн экинчи туру өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган добуштардын 52 пайызын алып утуп чыккан.
"Урматтуу бир тууганым". Жапаров Эрдоганды шайлоодо жеңиши менен куттуктады