Сенат АКШнын мамкарызынын чегин көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Шаршембиде Өкүлдөр палатасы документти көпчүлүк добуш менен колдогон соң сенаттын кароосуна жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Spuitnik. АКШнын сенаты мамлекеттик карыздын жогорку чегин дагы көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул туурасында РИА Новости добуш берүүнүн онлайн-жыйынтыгына таянып жазды.
Документти колдоп 63 сенатор добушун берсе, 36сы каршы чыккан. Шаршембиде Өкүлдөр палатасы көпчүлүк добуш менен колдогон соң сенатка сунуштаган.
Конгресстин эки палатасы макулдугун бергенден кийин документ президент Жозеф Байдендин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Демилге мамлекеттик карыздын чегин 2025-жылдын январына чейин көтөрүүнү шарттайт, мындай чечимге республикачылардын партиясы реформа жүргүзүү мүмкүнчүлүгү берилет дегенден кийин макул болду. Сунушталып жаткан реформанын арасында COVID-19 пандемиясы учурунда чукул жардам үчүн каралган акчаны кайра бөлүштүрүү, андан сырткары, АКШнын ички кирешелери боюнча кызматын финансылоо бөлүгүн кайра бөлүштүрүү бар.
Мурдараак АКШнын финансы министри Жанет Йеллен мамлекеттик карыз чегине жетип калганы боюнча администрациянын көрө турган өзгөчө чаралары 5-июнда мүмкүнчүлүктөрүн жоготорун эскерткен. Мындай болгон учурда мамлекет дефолтко кабылып, анын кесепети өлкөнү "экономикалык кыйроолорго" алып келип, дүйнөлүк экономиканы чайпалтары бир нече ирет айтылган.
АКШнын айласын кетире турган көйгөй дефолт эмес, башка. Экономисттин пикири