БИШКЕК, 2-июн. — Spuitnik. Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына барарын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Президенттик шайлоодо жеңген Эрдоган 3-июнь күнү Анкарада ант берет.
Эки мамлекеттин башчылары кечээ телефон аркылуу сүйлөшүп, анда Эрдоган Жапаровду инаугурациясына чакырган болчу.
Белгилей кетсек, 28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, Эрдоган добуштардын 52 пайызын алып утуп чыккан.