Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти келди

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында "Европа биримдиги — Борбор Азия" деп аталган экинчи саммит болот.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Spuitnik. Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга келгенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен "Европа биримдиги — Борбор Азия" деп аталган экинчи саммит өтөт. Мишель аталган иш-чарага катышуу үчүн келген. Андан сырткары, саммитке Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан башчылары катышмакчы.
Ал эми эртең Европа кеңешинин президентинин Кыргызстанда расмий сапары болот.
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп