Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку даражалуу конокту "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.
1 / 3

Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди

2 / 3

Жогорку даражалуу конокту "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган

3 / 3

Эскерте кетсек, Токаев 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышмакчы

Эскерте кетсек, Токаев 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышмакчы.
Буга чейин Европа кеңешинин президенти Шарль Мишелдин жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргызстанга келгени маалымдалган болчу.
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп