ЖМК: Индияда поезддер сүзүшүп, каза болгондордун саны 50гө жетти

Поезддер кагылышканда анын бир нече вагону темир жолдон чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Индияда жүргүнчү ташыган поезд менен жүк ташыган поезд сүзүшүп, кеминде 30 адам көз жумду. Кырсык тууралуу РИА Новости агенттиги Индиянын маалымат каражаттарына таянып жазды.
Кийинчерээк Hindustan Times басылмасы кырсыктан каза болгондордун саны 50гө жеткенин маалымдады.
Окуя бүгүн кечке маал Баласор шаарына жакын жерде болгон. Анда 350 адам жабыркаган. Поезддердин кагылышуусунан темир жолдон бир нече вагон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана андан жабыркагандарды куткаруу, издөө иштерине Индиянын улуттук кызматтарынан 100дөн ашык адам тартылган. Айрым маалыматтар боюнча, жүргүнчүлөрдүн көбү оодарылып кеткен вагондун алдында калган.
Брянскиде темир жол жардырылды. Видео