БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Теги кыргызстандык, бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол жакында эле дүйнө чемпионатынан коло утуп келген боксчу Мунарбек Сейитбек уулун дасторкон үстүндө сыйлады. Аталган видеону Кыргызстандын Бокс федерациясы жарыялаган.
Бивол Сейитбек уулуна акыл-насаатын айтып, ага жана жеке машыктыруучусу менен башкы машыктыруучусуна акчалай белек берген. Каражаттын суммасы жазылган эмес.
Мунарбек Сейитбек уулу 12-майда Ташкентте өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын тарыхында биринчи медалды (коло) уткан.
Бокс боюнча дүйнө жылдызы Бивол Кыргызстандын Токмок шаарында төрөлүп, чоңойгон. 15 жашында ата-энеси менен Россияга көчүп кетишкен. Былтыр замандын мыкты мушкери аталган Сауль Канело Альварасты жеңгени көпчүлүк бокс сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бурган. Жай айында Дмитрий Бивол Ысык-Көлдө дээрлик бир ай кыргызстандык мушкерлер менен чогуу машыккан. Соңунда өлкө башчысы Садыр Жапаров менен жолугушкан, анда ал кыргызстандык жаш спортчулардын машыгуусуна керектүү жардамдарды бере аларын айткан.
Өткөн жылы ноябрда Дмитрий Бивол мексикалык мушкерди жеңип, дүйнө чемпиону наамын коргоп калды.