Жаш көрүүчүлөр театры Түркиядагы эл аралык фестивалга катышат

"Мата Хари" спектакли алгачкы жолу Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын репертуарында пластикалык жанрда коюлган чыгармалардын бири.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры Түркия мамлекетинин Деңизли шаарында өтө турган 35-эл аралык театр фестивалына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кабарда айтылгандай, театр акын Сайра Батыркулованын калемине таандык "Мата Хари "спектаклин 4-июнь күнү тартуулайт. Пьесаны койгон режиссёру – Шамил Дыйканбаев, башкы каарман – Мата Харини Айнура Акылбек кызы ойнойт.
"Мата Хари" спектакли алгачкы жолу Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын репертуарында пластикалык жанрда коюлган чыгармалардын бири. Бул спектакль 2022-жылы Бишкек шаардык театрлар арасында өткөрүлгөн эл аралык "IMPULSE" фестивалына катышып, "Пластикалык трагедия жанрындагы заманбап экспрессивдүү көркөм изденүү" номинациясына ээ болгон.
Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры 1989-жылы негизделип, 2013-жылы октябрь айында СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын ысымы ыйгарылган.
Ызы-чуулар артисттин оюн бөлөт... Спектакль көрүү маданиятын биле жүрөлү