Кыргызстанда жасалма шенген визасын даярдаган канал аныкталды

Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги шектүүлөр аныкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, чет элдик жарандарды туристтер деп жашырып, Кыргызстандын аймагы аркылуу Батыш Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу аракети болгон.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстан аркылуу Европага жасалма шенген визасынын негизинде транзит уюштуруп жүргөн негизги шектүүлөр аныкталды. Ошондой эле мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракетинен жабыр тарткан 40тан ашык чет элдик жаран такталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар изделип жатат.
Кыргызстандыктар эми Мальдивде 30 күнгө чейин визасыз жүрө алат