Ормон хандын өмүр жолун баяндаган тасманын сценарийине сынак жарыяланды

Сынакка катышуу үчүн арыздар бүгүн, 1-июндан баштап 1-августка чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кинематография департаменти Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине карата анын өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн баяндаган даректүү тасманын сценарийинин сынагына долбоорлорду кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сынакка катышуу үчүн арыздар бүгүн, 1-июндан баштап 1-августка чейин кабыл алынат.
Эрежелер:
долбоор боюнча документалдык фильм 30 мүнөткө чейин болушу шарт;
катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болушу шарт;
долбоорлор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.
Сынакка катышуу үчүн талаптар:
кинематография департаментинин директорунун атына кат жөнөтүү зарыл;
долбоордун кыскача синопсиси;
календардык план;
сценарий;
сценарийдин автору, режиссёру жана продюсеринин Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган документтеринин көчүрмөлөрү (паспорт);
долбоордун бюджети;
кинодолбоордун режиссёрунун, сценаристтин өмүр баяны, окуу жайынан же режиссёрдук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ;
режиссёрдун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болуусуна сунуштама;
тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.
Эскертүү: жогоруда талап кылынган иш кагаздар эки нускада болушу керек. Эгерде алар толук болбосо кабыл алынбайт.
Дареги: Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 13, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйү. Сурап билүү телефондору: +996 312 300265; +996 312 301046.
Режиссер Лиля Турусбековага арналган сүрөт көргөзмө өтөт