Мыйзам резина эмес. Өмүрзаков Конституциялык соттун жооп беришин талап кылды

Эл өкүлү мыйзам сакталбаса өлкөдө эч качан туруктуулук болбой турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Эл өкүлү Сүйүн Өмүрзаков Конституциялык сот парламентке келип чыгарган чечими боюнча түшүндүрмө беришин талап кылды.
Аталган орган "депутаттарды Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот" деген бүтүм чыгарган болчу.
Эл өкүлү мыйзам сакталбаса өлкөдө эч качан туруктуулук болбой турганын белгиледи.
"Кийинки жумада Конституциялык соттун төрагасын, чечим чыгарган судьяны чакыралы, ушул жерден жооп берсин. Көбү мыйзамды ушундай резина кылып койгон да, каалаган жакка тарта берсе болот деп. Бирок андай эмес. Баш мыйзамды сыйлабаганы үчүн жооп бериши керек. Бир адам арыз жазып койсо каалагандай чечим чыгара береби? Анда Баш мыйзам, регламент эмне болот? Депутат — эл тарабынан шайланып келген өкүл. Эң биринчи мыйзамды сыйласак тынчтык, туруктуулук болот, экономика көтөрүлөт. Эгер сакталбаса баары болбойт, ызы-чуу болуп жүрө беребиз", — деди Өмүрзаков.
Белгилей кетсек, кечээ башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду үч беренеге айыптап, жоопко тартуу үчүн ЖКдан макулдук сураган.
Депутаттар ЖМКны жабууну татаалдаштырган мыйзам долбоорун четке какты