Россия менен кагылыш болуп кетсе... ЖМК НАТОнун жашыруун планын жазды

Журналист документтер эч кимге, адистерге, мыйзамчыларга көрсөтүлбөй жашыруун даярдалгандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Responsible Statecraft баяндамачысы Йан Дэвис Түндүк атлантикалык альянс (НАТО) Россия менен кагылыш болуп кете турган болсо, ага даяр туруш керек деген маанайда жашыруун план даярдап жатканын билдирди. Бул туурасында жазды.
Дэвистин айтымында, НАТОнун Вильнюстагы саммитинде жашыруун планды колдоо боюнча сунуштар айтылат, анда Россия менен болуп кетчү аскердик кагылыштын сценарийи жазылган.
Журналист документтер эч кимге, адистерге, мыйзамчыларга көрсөтүлбөй жашыруун даярдалгандыгын билдирген.
"НАТО Украинадагы чатак башталгандан тарта дүйнөлүк аренада таасирин күчөтүүгө басым коюп жаткандыктан альянстын ичиндеги узак мөөнөттүү аскердик пландоо процесстерин мүнөздөгөн ачык-айкындуулуктун жоктугу демократиялык көзөмөл кылуу кадамдары боюнча көйгөй жаратууда", — деп жазган ал.
НАТОнун Литванын борборундагы саммити 11-12-июлда болот.
Россия Түндүк атлантикалык альянс конфронтацияга багыт алгандыгын, Европадагы күчүн арбытып жаткандыгына түйшөлгөнүн бир нече ирет билдирген. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков блоктун мындан ары кеңейиши аймактагы кооптуулукка пайдасыз болорун белгилеген. Анткен менен Россия диалогго ачык экендигин, бирок анын кызыкчылыгына олуттуу коркунуч жараткан жагдайларды көз жаздымда калтырбай тургандыгын айткан.
НАТО менен байланышкан акыркы келишим. Россия "алакага" биротоло чекит койду