Кыргызстанда ысык суу менен жылуулуктун баасы кымбаттады

Бишкекте ичүүчү суу менен канализациянын тарифи да жогорулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 1-июндан тарта ысык суу менен жылуулуктун баасы кымбаттады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, профилдик департаменттин буйругу 31-майда чыккан. Ведомство өкмөттүн 2021-жылы кабыл алган токтому бар экенин эскертти. Ага ылайык, 2021-жылдан 2025-жылга чейин тарифтер жыл сайын жогорулайт. Былтыр өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен баалар жогорулаган эмес.
Жылуулукка жаңы тарифтер:
Калк үчүн 1 248 сом (1 134,76 сом болчу)
Өнөр жай объектилерине, бюджеттик керектөөчүлөргө жана башка абоненттерге 2 052 сом (1802 сом болчу)
Ысык суу үчүн:
Калк үчүн эсептегичтер боюнча 72 сом (64,3 сом болчу)
Керектөө нормасы боюнча бир адамга 345 сом (309 сом болчу)
Өнөр жай объектилерине, бюджеттик керектөөчүлөргө жана башка абоненттерге 117 сом (103 сом болчу)
Эске салсак, 1-июндан тарта Бишкекте ичүүчү суу менен канализациянын тарифи жогорулады.
Бүгүндөн тарта Бишкектин кээ бир жерлеринде суу маал-маалы менен гана берилет