КРСУну 30 жыл жетектеген ректор Владимир Нифадьев иштен кетти

Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Владимир Нифадьев Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорлук кызматынан 5-июндан тарта бошотулат. Бул тууралуу жогорку окуу жайдын проректору Леонид Сумароков Sputnik агенттигине билдирди.
Табигый жана техникалык факультеттин деканы Герман Лоцев жаңы ректор шайланганга чейин анын милдетин аткарып турат. Ал ишке 6-июндан тарта киришет.
Маалыматка караганда, Нифадьев иштен бошотулгандыгы тууралуу РФтин Илим жана жогорку билим министрлигинен кабарлашкан. Ал бул кызматта 1993-жылдан бери, университет түптөлгөндөн тарта иштеп келет.
Мындан тышкары, журналистика кафедрасынын жетекчиси Александр Кацевдин дагы иш келишими узартылбай турган болду.
Окуу жайдан пенсия курагындагы мугалимдер иштен алынып жатканы боюнча айрым ЖМКлардагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын кошумчалашты.
Ректорду шайлоо кандайча өтөрүн РФ менен Кыргызстандын Билим берүү министрликтери чечет. Маселе жакынкы аралыкта каралат.
Пресс-борбор
Гепатит менен күрөшүүдө Россия Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келет