Бүгүндөн тарта Бишкектин кээ бир жерлеринде суу маал-маалы менен гана берилет

Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бүгүн, 1-июндан тарта, Бишкектин айланасындагы айылдар менен жаңы конуштарга суу маал-маалы менен гана берилет. "Бишкек суу каналы" мындай көрүнүш кырдаал жакшырганга чейин уланарын билдирди.
Арча-Бешик конушунда суу (Садырбаев, Семетей көчөлөрү, Орок айылын карай жол, Ахунбаевдин ортосу) саат 15.00дөн 22.00гө чейин гана берилет.
Селекция, 105-контур, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарында саат 06.00дөн 12.00гө чейин берилет.
Эске салсак, бул аймактардын жашоочулары буга чейин эле суу аз келип жатканын же таптакыр келбей калганын айтып даттанып жатышкан.
Бишкекте суу форуму өттү. Өкмөт аймактын кызыкчылыгын көздөгөн идеяларды күтөт