Бишкекте Кореянын ыктыярчы дарыгерлери элди акысыз текшерет

Кыргызстандыктар ар кандай профилдеги 90го жакын дарыгердин текшерүүсүнөн өтсө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар быйылкы жылдын 16-19-июль аралыгында кореялык ыктыярчы дарыгерлердин акысыз медициналык текшерүүсүнөн өтсө болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кореянын "СеулАсан" кайрымдуулук фондунун дарыгерлери операция жана текшерүүгө керектүү жабдуулар менен дары-дармектерди Бишкекке өздөрү менен кошо ала келет.
"Ар кандай профилдеги 90го жакын волонтер дарыгерлер: хирургдар, кардиологдор, стоматологдор, ЛОР, окулисттер, аллергологдор, пластикалык хирургдар, педиатрлар кыргызстандыктарга медициналык жардам жана консультацияларды бекер өткөрүшөт", — деп билдирди министрликтен.
Радио
Бишкекте бейтаптардын санарип амбулатордук картасы ишке кирди