БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы мамлекеттик карыздын чегин көтөргөн мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгын онлайн түрдө көрсөтүшкөн. Мыйзам долбоорун 314 киши колдоп, 117си каршы чыккан. Өкүлдөр палатасынын добуш берүүсүнөн кийин мыйзам долбоору сенаттын кароосуна жөнөтүлөт. Конгресстин эки палатасы тең колдогон соң документ президент Жозеф Байдендин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Демилге мамлекеттик карыздын чегин 2025-жылдын январына чейин көтөрүүнү шарттайт, мындай чечимге республикачылар партиясы реформа жүргүзүү мүмкүнчүлүгү берилет дегенден кийин макул болду. Сунушталып жаткан реформанын арасында COVID-19 пандемиясы учурунда чукул жардам үчүн каралган акчаны кайра бөлүштүрүү, андан сырткары, АКШнын ички кирешелери боюнча кызматын финансылоо бөлүгүн кайра бөлүштүрүү бар.
Мурдараак АКШнын финансы министри Жанет Йеллен мамлекеттик карыздын чегине жетип калганы боюнча администрациянын көрө турган өзгөчө чаралары 5-июнда мүмкүнчүлүктөрүн жоготорун эскерткен. Мындай болгон учурда мамлекет дефолтко кабылып, анын кесепети өлкөнү "экономикалык кыйроолорго" алып келип, дүйнөлүк экономиканы чайпалтары бир нече ирет айтылган.