Нормадан 1 градуска жогору... Июнда аба ырайы кандай болот?

Абанын айлык орточо температурасы беш облустун дыйканчылык аймактарында климаттык нормадан 1 градуска жогору болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы июнь айына карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы беш облустун дыйканчылык аймактарында климаттык нормадан 1 градуска жогору болот. Ал эми эки дубанда норманын чегинде болору кабарланды.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска өйдө болот.
Июнь ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 градус жылуулуктан 18…23кө чейин, күндүз 22…27ден тарта 33…38 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10 градус жылуулуктан 13…18ге чейин, күндүз 16…21ден тарта 25…30га чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 31-42 мм., тоо этектериндеги райондордо 70-73 мм.).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, +19…+21 градусту көрсөтөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градус жылуулуктан 16…21ге чейин, күндүз 21…26дан тарта 31…36га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн (26-31 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 22…24, тоо этектериндеги райондордо 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градустан 19…24кө чейин, күндүз 23…28ден 34…39га чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 градустан 14…19 градуска чейин, күндүз 19…24төн 30…35ке чейин жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болот (13-19 мм., тоо этектериндеги райондордо 43-45 мм.).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 22…24, тоо этектериндеги райондордо 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градустан 19…24кө чейин, күндүз 23…28ден тарта 34…39га чейин жогорулап турат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12ден 14…19га чейин, күндүз 19…24төн тарта 30…35ке чейин жетет.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус жылуулуктун тегерегинде болушу, күндүз 20…25 градустан 30…35ке чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болот (13-19 мм., тоо этектериндеги райондордо 43-45 мм.).
Бишкекте суу форуму өттү. Өкмөт аймактын кызыкчылыгын көздөгөн идеяларды күтөт

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 22…24, тоо этектериндеги райондордо 18…20 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17 градус жылуулуктан 19…24кө чейин, күндүз 23…28ден 34…39га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12ден 14…19га чейин, күндүз 19…24төн 30…35ке чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт (13-19 мм., тоо этектериндеги райондордо 43-45 мм.).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 15…17 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9 градус жылуулуктан 11…16га чейин, күндүз 16…21ден 25…30га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (27-32 мм., чыгышында 55-86 мм.).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градус жылуулуктан 9…14кө чейин, күндүз 15…20дан 25…30га чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (38-56 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 6…8 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градустун тегерегинде болушу, күндүз 7…12ден 14…19га чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (50-52 мм).

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 13…15 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы 2…7 градустун тегерегинде, күндүз 16…21ден 23…28ге чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (26-28 мм.).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13 градус жылуу болушу күтүлөт.
Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 1…6 градустун тегерегинде болот. Күндүз 12…17ден тарта 21...26га чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (40-42 мм.).
Көлдө 4-июнга чейин аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу