Садыр Жапаров: "Асман" шаарын куруу иштери июндун аягында башталат

Мамлекет башчы инвесторлордон мыйзамсыз акча сурай берүү деген түшүнүктү жоюуну айтып, жергиликтүү элге, бийликке кайрылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Асман" шаарынын долбоору даяр болуп калды, кутучасы 30-июнда салынып, курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата калаасындагы паркты ачуу салтанатында сүйлөп жатканда айтты.
Ал 4000 гектарга түшө турган, 500 миңден 700 миңге чукул адам жашайт деген эсеп-чоту коюлган калаа болоруна токтолду.
"1,5 жылдан бери долбоор даярдалды. Ага да көп убакыт кетет экен. "Асманды" курууга Кыргызстандан бир да тыйын короткон жокпуз. Ага акчабыз да жок. Сырттан инвесторлорду топтоп келип, ошолорго салдырганы жатабыз", — деди Жапаров.
Ал инвесторлордон мыйзамсыз акча сурай берүү деген түшүнүк болбосун айтып, жергиликтүү элге, бийликке кайрылды.
"Айтайын дегеним, бул жерде аксакал, көк сакалдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү отурасыздар. Жаштар барып алып дагы миллиондоп доллар сурабасын. Ошондой инциденттер болбосун. "Андай кылбагыла" деп балдарды тарбиялап айтып, мээсине куйгула, караңгылыктан чыгыш керек", — деди Жапаров.
Эске салсак, 2021-жылдын июль айынын башында президенттик администрация Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылынын жанында 500 миң калкы бар инновациялык Асман шаарын куруу пландалып жатканын билдирген. Бийлик "Асман" Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борборуна айланарын айткан. Келечектеги шаардын долбоордук чечимдерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топ түзүлүп, мамлекеттик дирекция негизделген.
Кыргызстанда "Асман" шаарынын курулушу башталып, жакында капсула салынат. Сүрөт