Ысык-Көл облусуна саркынды суулар тутуму зарыл болуп турат. Акимдин маеги

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылды. Туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик органдар бир катар даярдыктарды көрүп жатышат. Көйгөйлөр да жок эмес.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Калыбек Жумадылов болду. Биз быйылкы туристтик сезонго болгон камылга жана жасалып жаткан иштер тууралуу сүйлөштүк.
Глава Иссык-Кульской районной государственной администрации, аким Калыбек Жумадылов
— Туристтик сезон кандай башталды? Эмне сунуш-пикирлер айтылды?
— Базар экономикасынын шартында көптөгөн ишкерлер бир гана жайкы учурда эмес, жыл бою иштөө принцибине өтө баштады. Буга чейин ысык суулардын жана радон сууларынын потенциалын мынчалык эч ким колдонгон эмес. Ишкерлер бул жагынан туристтердин келишине өбөлгө түзүүдө. Бара-бара төрт мезгилде тең турист кабыл алууга даяр болобуз. Муну менен катар көйгөйлөр да бар. Эң негизгиси — тазалык маселеси. Ысык-Көл районунда 12 айыл аймак, бир шаар бар. 12 айылдын алтоо дотациядан чыккан. Чолпон-Ата шаарынын калкы 14 миң, ал эми жайкысын элдин саны 200дөн 350 миңге чейин жетет. Ошол кезде тазалык секторунда жумушчулар, унаалар жетишпей кыйнайт. Буга чейин таштанды тазалоочулардын айлыгы эч көтөрүлгөн эмес экен. Жайкысын башка кошумча жумуш көп болгондуктан иш кычап турганда жумушчу табылбайт. Былтыртан бери райондук каржы башкармалыгы менен биргеликте ар бир айыл аймагын анализдеп, тазалыкчылардын айлыгын 100 пайыз көбөйтүп бердик. Бирок ушуну менен эле укмуш көп айлык алып калышкан жок. Ошентсе да бир аз мотивация болсун дедик.
Мындан тышкары, президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын коргоого кечиктирилгис чаралар жөнүндө" 131-жарлыгынын жобосунда канализация курулмайынча иш алып барууга болбой турганы жазылган. Көл жээгиндеги тосмолорду алуу боюнча да жарлык (президенттин 150-жарлыгы — Жумадылов) чыккан. Анын натыйжасында ар бир пансионатка милдеттенме иштеп чыктык. Алар тосмолорду алууга кол коюп бериши керек. Муну менен катар канализациялык тутумду талапка ылайыкташтырат. Канализация салуу боюнча пансионат жетекчилерин ишкерлер менен да жолуктуруп, аянтча түзүп бердик. Бирок, тилекке каршы, тогуз гана саркынды суунун тутуму салыныптыр. Мисалы, бир айылда 1500 киши жашаса, анын миңи эле септик куруп алса — бул көлгө абдан чоң зыян алып келет. Ошол себептен районго борборлоштурулган алты канализациялык тутум куруу керек болуп жатат. "Аврора" санаторийинен канализациясын модернизациялоо менен ага Кум-Бел айыл аймагын, Комсомол айылын да кошуу керек. Чолпон-Атада канализация 1986-жылдан бери иштей элек. Былтыртан бери өкмөттүн, Жогорку Кеңештин колдоосу менен 54 миллион долларлык долбоор ишке ашырылууда. Чолпон-Ата шаарын гана эмес, батышында жайгашкан Кара-Ой, Бостери айылы системага толук кошулганы жатат. Быйыл Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кеткиче ратификацияга киргизип берсе жакшы болот эле. Бостери, Чолпон-Ата, Кара-Ой айылдары толук кандуу Чолпон-Атанын саркынды сууну тазалоочу курулмасына байланса, маселенин теңи чечилет. Ал эми Чоң-Сары-Ой айыл аймагындагы беш айылды бириктирген саркынды сууну тазалоочу бир курулма кетет. Тамчы айыл өкмөтүндө да аэропорт интенсивдүү өнүгүп, жайында күнүнө 4-5 учак келип конуп жатат. Бул аймакка да өзүнчө канализация керек. Тоо туризмин өнүктүрүү боюнча класстерге Кырчын жайлоосу да кирет. Жогорудагы салынган тутумдарга пансионаттар да кошулса болот. Сапаттуу салынса, андан чыккан сууларды сугатка пайдалануу керек. Ушунун баарын президенттин алдындагы стратегиялык институтка жазып, колдоо таптык.
— Долбоордун мөөнөтү кандай?
— Негизи Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууну тазалоочу курулмасы 2026-жылга чейин салынышы керек деп болжолдонууда. Азыр Тамчы айылы боюнча да сметалык долбоордун документтерин даярдоо иштери жүрүп жатат.
Жер көчө турган аймакта жашаган 2 110 бүлө жардам алса да көчпөй жатат. Маек
— Туристтерге байланыштуу коопсуздук маселесине токтолсоңуз?
— Биздеги криминалдык маалыматтарда келген туристтерге ыдык көрсөтүү катталган эмес. Райондо коомдук коопсуздук көзөмөлдө экенин расмий айта алам. Себеби өзүм да укук коргоо органдарында иштеп келгем. Райондук ички иштер бөлүмүнүн азыркы башчысы да борбордо уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө мыкты иштеген кызматкер.
— Салыктан канча каражат түштү?
— Мурдагы жылкыга караганда былтыр салыктан 200 миллион сомдон көп акча чогулган. Анын ичинде 70 миллион сомдон ашыгы жергиликтүү бюджеттен. Жергиликтүү бюджет күчтүү болсо мамлекеттин бутка турушуна жакшы. Жайкы сезон маалында Көлдө салыкчылар да жетишпейт. Борбордон 100гө жакын кызматкер барып иштеп турат. Биздин райондо көмүскөдө жаткан салык көбүрөөк. Бул жаатта иш бара-бара жолго салынып келе жатат.
— Туристтерди тейлөөнүн дагы бир жагы — бул аэропортту иретке келтирүү экени айтылып жатат...
— Коомдук пикир жараткан айрым маалыматтар туура эмес. Анткени "миллион сомго салыныптыр" деп чуу болгон "Тамчы" аэропортунун алдындагы аялдама азыр бүтө элек. Ал акчага эки аялдама салынып жатат. Анын ичине терезеси, темир жолу, маалыматтык стенддер коюлат. Ушунун баары бүткөндөн кийин анан талкууласак болмок. Ал эми баасына келип токтолсок, сатып алуу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, айыл өкмөттөргө "керектүү шаймандарды сатып келип өзүңөр жасагыла" десе, ал аялдама болгону 150 миң сомго чыкмак. Тилекке каршы, айыл өкмөт сметадан, мыйзамдан чыга албайт. Ал эми аэропорттун ичиндеги жаңылыктарды өздөрү айтышат. Себеби аэропорт бизге тиешелүү эмес. Бирок жылдан-жылга өнүгүп жатат. Жакында күтүү залы курулду. Эми аэробекет салуу боюнча жакшы иштер жасалууда.
Туристтерге шарт түзүү максатында үч айылга (Кара-Ой, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой) муниципалдык пляждар салынат. Учурда Чолпон-Атадагы муниципалдык пансионаттардын да абалы начар. Алар да оңдолот. Чоң-Сары-Ойдо эл өзү эле боз үй тигип, көл жээгинде оокат кылып келишкен. Буларды алып салууга да болбойт. Ошол себептен шарт түзүп берүү жагын карап жатабыз. Боз үй тигүүнү каалагандар патент алышы зарыл.
— Буга чейин парктар да жакшыртылары айтылган?
— Алыкул Осмоновдун үй-музейи жайгашкан жер президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилген. Бул жерге учурда абдан сапаттуу, жакшынакай парк салынып жатат. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарынын борбордук бөлүгүндө "Чолпон кыз" ансамбли жайгашкан. Анын тегерегин көрктөндүрүү долбоорунун сметасын түздүк. Июндун башына чейин паркты толук бүтүрөбүз деген ойдомун. Чолпон-Ата шаары да жашылдандырылып, парктар салынып, жарыктандырылууда. Учурда ички жолдор асфальтталып жатат.
Афган чымчыгы таранчы, торгой, чабалекейлерди жок кылды. Экологдун маеги