Кыргызстандыктар эми Мальдивде 30 күнгө чейин визасыз жүрө алат

Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандыктар эми Мальдив аралдарында визасыз 30 күнгө чейин жүрө алат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Макулдашууга 2022-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.
Жогорку Кеңеш аны 3-майда ратификациялаган.
Макулдашууга ылайык, мындай норма Мальдив жарандарына да тиешелүү, эми алар да Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алат.
Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза алуу маселесин жеңилдетүү талкууланды