Дамира Ниязалиева алган добуштар жокко чыкса кайра шайлоо өтөбү? Мыйзам

Алдын ала жыйынтык боюнча, Ниязалиеванын добуштары жалпы сандын үчтөн бир бөлүгүнөн ашат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ленин шайлоо округунан утуп чыккан Дамира Ниязалиеванын добуштары жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамда жазылган.
Кечээ социалдык тармактарда аудио жазуу тарап, кызуу талкууланып жатат. Анда Ниязалиеванын үнүнө окшош бирөө агитатору менен добуштарды сатып алууну талкуулап, 200дөн ашуун адамга 2000 сомдон берери айтылган. Түндө милиция талапкердин штабында тинтүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгоду. Ниязалиева өзү аудио монтаждалганын, бул аны каралоо аракеттери экенин билдирүүдө.
Шайлоо мыйзамынын 46-беренесинин 7-пунктуна ылайык, талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же ага катышуу фактылары далилденгенде ага берилген добуштардын баары жараксыз деп табылат.
Ал эми 37-берененин 6-бөлүгүндө эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт.
28-майда өткөн №26 Ленин округундагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Дамира Ниязалиева 35,83 пайыз (шайлоочулардын 3/1 бөлүгүнөн көбүрөөк) менен алдыда бара жатат.
Белгилей кетсек, былтыр Свердлов шайлоо округунда дагы ушундай окуя катталган. Анда биринчи орунду ээлеген Абдурахманхаджи Муртазалиев шайлоочуларды сатып алууга айыпталып, алган добуштары жокко чыгарылган. Бирок анын добуштары 19.52 пайызды түзүп, жалпы сандын үчтөн бир бөлүгүнө жетпегендиктен шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан эмес. Натыйжада экинчи орундагы Шайлообек Атазовго мандат берилген.
17 добуш алганы да бар. Ленин округундагы шайлоону кол менен санагандагы жыйынтык