"Урматтуу бир тууганым". Жапаров Эрдоганды шайлоодо жеңиши менен куттуктады

Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары бекемделерине ишеним артты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоодо утуп чыгышы менен куттуктады.
"Урматтуу бир тууганым, Режеп Тайип Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Түркия эли сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти. Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү", — деп жазган мамлекет башчы.
Ошондой эле Жапаров эки өлкө ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк, боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенерин белгилеген.
Белгилей кетсек, кечээ Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган добуштардын 52 пайызына алып утуп чыккан.
14-майдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда эч бир талапкер 50 пайыз добуш ала албагандыктан экинчи айлампасын өткөрүү чечими кабыл алынган. Анда Эрдоган добуштардын 49,52 пайызын, атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88 пайызын, Синан Оган 5,17 пайызын алган. Синан экинчи турда Эрдоганды колдоону үндөгөн.
Садыр Жапаров жубайы менен Бишкекте шайлоодо добуш берди. Сүрөт