Кытайда жакырчылыкты кыскартуу боюнча ШКУнун саммити өтүп жатат

Иш-чаранын максаты — ШКУ мамлекеттеринде жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу өнүгүүсүнө кол кабыш кылуу.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кытайдагы Шэньси провинциясындагы Янлине шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча форум ачылды. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Форумдун эң негизги темаларынын бири — бул жалпы жеңиш үчүн кызматташуу, ШКУ мамлекеттеринде жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу өнүгүүсүнө кол кабыш кылуу.
Маалыматка караганда, форумга Кытай менен ШКУ мамлекеттеринин башчылары, тийиштүү ведомстволордун, эл аралык уюмдардын, ишканалардын өкүлдөрү, эксперттер менен окумуштуулар катышууда.
Ачылыш аземинде уюмдун башкы катчысы Чжан Мин сөз сүйлөдү. Иш-чарага РФтин Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Демографиялык жана үй-бүлөлүк саясат департаментинин директору Андрей Галкин менен Россиянын элчилигинин кызматкерлери катышары күтүлүүдө.
Мындан тышкары, форумдун башталышында ар кайсы мамлекеттердеги жакырчылыкты жоюу үчүн көрүлгөн аракеттерге арналган көргөзмө өттү.
2022-жылдын сентябрь айында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынына катышкандан кийин жакырчылыкты жоюу жана туруктуу өнүктүрүү — 2023 форумун Кытайда өткөрүүнү сунуштаган.
ШКУга Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан кирет. Төрт мамлекет байкоочу статусуна ээ. Алар: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия.
Жапаров менен ЕАЭБдин лидерлери Москвада эмнени талкуулашты. Сереп