БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата салтанаттуу митинг өттү.
Иш-чара Дайыр Асанов атындагы паркта уюштурулду. Куралдуу күчтөр 31 жылдыгын белгилөөдө. Ага Коргоо министрлигинин жетекчилиги, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, аккредитациядан өткөн коомдук уюмдар менен аскердик-дипломатиялык корпустар катышты.