Жалал-Абадда күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата божомол

Облуста жаан-чачын болгону менен айрым жерлерде абанын температурасы 30 градуска жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жалал-Абал облусунда келерки жумада аба ырайы кандай болору тууралуу Кыргызгидромет маалымат таратты.
29-майдан 1-июнга чейин күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бирок өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Ал эми 2-июнда күн ачык болот.
3-4 июнда айрым жерлерде жаан жаайт.
Облуста жаан-чачын болгону менен айрым жерлерде абанын температурасы 30 градуска жетет.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жайдын алгачкы күндөрү катуу ысык болобу? Бир жумага карата аба ырайы