Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру башталды

Биринчи турда бир дагы талапкер добуштардын 50 пайызын алган эмес. Президенттик тактыга Эрдоган менен оппозициячы Кылычдароглу ат салышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру башталганын РИА Новости жазды.
Өлкө боюнча 191 миңден ашык шайлоо урналары орнотулган. Шайлоочулардын саны 60 миллиондон ашат.
14-майдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда эч бир талапкер 50 пайыз добуш ала албагандыктан экинчи айлампасын өткөрүү чечими кабыл алынган. Анда Режеп Эрдоган добуштардын 49,52 пайызын, Кемал Кылычдароглу 44,88 пайызын, Синан Оган 5,17 пайызын алган. Синан экинчи турда Эрдоганды колдоону үндөгөн.
Добуштарды эсептөө шайлоо участкалары жабылгандан кийин дароо эле, тагыраагы, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө (Бишкекте 20:00) башталат.
Экинчи айлампанын коопсуздугун 600 миң кызматкер, 73 тик учак, 8 учак жана 61 дрон камсыздап жатат.
Эрдоган: Түркия Батыштын антироссиялык санкция боюнча талаптарын аткара бербейт