Түркиядагы президенттик шайлоодо Эрдоган алдыда бара жатат

Бюллетендердин 71 пайыздан ашыгы саналып, Эрдоган алдыга чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Түркиядагы президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдоган алдыда бара жатат. Бул тууралуу мамлекеттик TRT Haber телеканалы Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка караганда, бюллетендердин 71 пайыздан ашыгын санагандан кийин Эрдоган — 54,4, ал эми анын каршылашы Кемаль Кылычдароглу 45,6 пайыз добуш алганы белгилүү болгон.
14-майдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда эч бир талапкер 50 пайыз добуш ала албагандыктан экинчи айлампасын өткөрүү чечими кабыл алынган. Анда Режеп Эрдоган добуштардын 49,52 пайызын, Кемал Кылычдароглу 44,88 пайызын, Синан Оган 5,17 пайызын алган. Синан экинчи турда Эрдоганды колдоону үндөгөн.
Эрдоган: Түркия Батыштын антироссиялык санкция боюнча талаптарын аткара бербейт