Садыр Жапаров жубайы менен Бишкекте шайлоодо добуш берди. Сүрөт

Депутат Абировдун окуясынан кийин Ленин округунда кайра шайлоо өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров жана канайым Айгүл Жапарова №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы жубайы менен Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесине барган.
1 / 4

Өлкө башчы Садыр Жапаров жана канайым Айгүл Жапарова №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш беришти

2 / 4

Мамлекет башчысы жубайы менен Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесине барган

3 / 4

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда

4 / 4

Район боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо тилкеси уюштурулган. Жалпысынан 124 908 шайлоочу бар, анын ичинен 43,77 пайызы эркектер, 56,23 пайызы аялдар.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда.
Район боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо тилкеси уюштурулган. Жалпысынан 124 908 шайлоочу бар, анын ичинен 43,77 пайызы — эркектер, 56,23 пайызы — аялдар.
Эскерте кетсек, 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ленин округунан утуп чыккан депутат Жаныбек Абиров быйыл 12-мартта ГБРдин кызматкерин сабап салган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, башкы прокурор депутатты жоопко тартууга макулдук сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Көп өтпөй Абиров күнөөсүн мойнуна алып, мандатын өз ыктыяры менен тапшырган. Ал эми жабырлануучу тарап менен элдешкени айтылды.
Ушуга байланыштуу Ленин округунда кайра шайлоо өтүп жатат.
Сианда Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын биринчи айымдары театрга барды. Сүрөт