Дамира Ниязалиева ЖКга Бишкектин Ленин округунан депутат болот. АСУ эсеби

Белгилей кетсек, шайлоого шаардыктардын 13,95 пайызы гана катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май – Sputnik. АСУ эсеби боюнча, Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңешке шайлоодо жеңүүчү деп табылды.
Учурда автоматтык эсептөөчү урналар добуштарды 100 пайыз санап бүттү.
Ага ылайык, Ниязалиева жалпы шайлоочулардын 35,83 пайызы же 6 242 адамдын добушун алды.

Жаңы депутат тууралуу эмне белгилүү?

Ал 63 жашта, Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Арал айылында туулган;
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, вице-премьер болгон;
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн учурунда саламаттык сактоо министринин милдетин аткарган;
Медициналык билими бар, фармакология жаатында бизнес менен алектенген;
Учурда Элдик курултайдын төрагасынын орун басары.
Белгилей кетсек, шайлоого шаардыктардын 13,95 пайызы гана катышты.
Садыр Жапаров жубайы менен Бишкекте шайлоодо добуш берди. Сүрөт