Кыргызстандын калканы. Чек арачылар 105 жылдык мааракесин белгилеп жатат

Чек арачылар — өлкө коопсуздугунун калканы. Кол салган душмандын мизин да дал ушул чек арачылар кайтарат. Бүгүн чек ара кызматкерлери 105 жылдык мааракесин белгилеп жаткан учуру.
Sputnik
1882-жылы Кашкарда (Батыш Кытай) Россия менен Кытайдын өкүлдөрү чек ара тууралуу протоколго кол коюп, эки империянын ортосунда чек ара белгиси пайда болот. Натыйжада Нарын шаарында чек ара отряды уюштурулуп, Кыргызстандын башка аймактарында заставалар пайда болот. 1918-жылы 28-майда Советтик Россияда чек ара аскери түзүлөт. Кыргызстанда бул түзүмдүн жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтарууга киришет. Бара-бара Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз ССРи чектешкен чөлкөмдөрдө чек ара отряддары уюшулган.
Колумнист Алмаз Батилов бул атайын кызмат тууралуу КР Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринин негизинде сүрөт баяндама жасады.
1 / 21

Атчан чек арачылардын тобу. Кыргыз ССР, 1941-жыл.

2 / 21

"Пионер" кемеси чек арачыларды Пржевальск пристанына алып келди, 1926-жыл

3 / 21

"Жууку" чек ара заставасы. Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, 1926-жыл.

4 / 21

Жалал-Абад чек ара комендатурасынын басмачылар менен күрөшүү боюнча ыкчам тобу. Комендатуранын жетекчисинин саясий иштер боюнча орун басары Валиева, 1920-жылдар.

5 / 21

Ош чек ара комендатурасынын ыкчам тобу, 1930-жыл

6 / 21

Ош чек ара комендатурасынын алдындагы ыктыярчы отрядынын командири Ю. Осмонбеков, 1920-жылдар

7 / 21

Осмон Лайлиев — кыргыздын ичинен чыккан алгачкы чек арачылардын бири. 1930-жылдардын башында Харьков шаарындагы чек ара мектебин бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка да катышкан. Фрунзе, 1963-жыл.

8 / 21

Алай-Гүлчө чек ара комендатурасынын өздүк чыгармачыл оркестри, 1936-жыл

9 / 21

Чек арачы кароолдо. Кыргызстан, 1940-жыл

10 / 21

Беларусь ССРинин Брест чөлкөмүндөгү Негорелое темир жол станциясынын жанындагы чек ара заставасынын коменданты кыргызстандык офицер Жаманкул Женчураев чек арачылар менен, 1941-жыл.

11 / 21

Орто Азия аскердик округунун чек ара бөлүктөрү парад учурунда. Фрунзе, борбордук аянт, 1948-жыл.

12 / 21

Советтик чек арачы офицер Владимир Гришановдун ыктыярчы жоокерлер Бейшеналы Үңүров, Сыргак Каратаев жана Эркин Кашкаров менен маектешип жаткан учуру. Нарын облусу, 1968-жыл.

13 / 21

К.И.Бердиган Кыргыз ССРнин чек ара аскерин уюштургандардын бири. Фрунзе, 1968-жыл.

14 / 21

"Мустырь" чек ара заставасындагы ага сержанты И. Шаршенбаев куралдаштарына комуз чертип черин жазып жаткан маалы. Нарын облусу, 1968-жыл

15 / 21

"Мустырь" чек ара заставасынын мыкты жоокери Б. Стамкулов кароолдо. Нарын облусу, 1968-жыл

16 / 21

Сержант А. Крайнев ити менен совет-кытай чек арасын кайтарууда. Нарын облусу, 1968-жыл

17 / 21

Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз ССРнин чек арачыларынын талаш тилкедеги жолугушуусу. Нарын облусу, 1976-жыл

18 / 21

Кыргыз ССРинин жетекчиси Турдакун Усубалиев чек арачылар менен маектешүүдө. Алай району, 1978-жыл

19 / 21

Пржевальск чек ара отрядынын офицери А. Фадеев аскерлери менен совет-кытай чек арасын кайтарууда. Ысык-Көл облусу, 1979-жыл

20 / 21

Пржевальск чек ара отрядынын мурдагы аскери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А. В. Дорошин жаш чек арачыларга тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Каракол шаары, 1988-жыл

21 / 21

"Торугарт" чек ара заставасынын сержанты В. Михайлов кызматтык иттер менен машыгып жаткан учуру. Нарын облусу, 1990-жыл

Тема боюнча:
Кемелер, жүк артылган төөлөр, кайыктагы эл. Ысык-Көлдөгү сейрек сүрөттөр
Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр