БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Баткендин Лейлек районундагы чек арага чектеш Максат айылында 40 метрлик флагшток орнотулду. Бул тууралуу райондук администрация кабарлады.
Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов жана башка жетекчилер, тургундар катышкан.
"Салтанатта сөз сүйлөгөн Ташиев Максат айылынын элин "баатыр эл" деп атады. Мамлекет тарабынан элдин тынчтыкта жана жакшы шартта жашоосуна бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, туубуздун түбөлүккө желбирешин каалады", — деп жазылган маалыматта.
Туу кармаган мамынын узундугу 40 метр болсо, желектин узуну 10 метр, туурасы 6 метр болуп жасалган. Бул демилгени райондун акими Рахманкулов демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашырган.