Байден АКШдагы дефолтту алдын алган келишимге жетишкенин айтты

Ак үйдүн башчысы келишимдин чоо-жайына токтолгон эмес, бирок бул чыгымдарды кыскартып, экономикалык өсүштү камсыздоого багытталарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден өлкөдө дефолтко жол бербөө үчүн Конгресс менен принципиалдуу келишимге макулдашканын ырастады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Төмөнкү палатанын спикери Кевин Маккарти Конгресстин Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөгөн республикачылар мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү жана дефолтту алдын алуу боюнча Ак үй менен макулдашканын билдирген.
"Спикер Маккарти экөөбүз бюджеттик макулдашууга принципиалдуу түрдө жетиштик... Америка эли үчүн жакшы кабар. Анткени дефолтту алдын алат, экономикалык каатчылык болбойт, миңдеген киши ишсиз калбайт", — деген Байден билдирүүсүндө.
Президенттин айтымында, жекшембиде мыйзам долбоорунун тексти иштелип бүтүп, Өкүлдөр палатасына жана Сенатка жөнөтүлөт. Байден эки палатаны тең келишимди дароо бекитүүгө чакырган.
Ак үйдүн башчысы келишимдин чоо-жайына токтолгон эмес, бирок бул чыгымдарды кыскартып, экономикалык өсүштү камсыздоого багытталарын айткан.
Конгресс спикери АКШнын тарыхындагы биринчи дефолт кооптуулугун эскертти