Украинада Грузиянын аталышын өзгөртүү сунушталды

Мыйзам долбоордун авторлору бул аракеттер Киев менен Тбилисини жакындатат деп түшүндүрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Украинада Грузиянын аталышын Сакартвело деп өзгөртүү сунушталды. Токтом долбоору Украинанын Жогорку радасынын сайтына жайгаштырылган.
Анда расмий деңгээлде, расмий каттарда, кайрылууларда, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында Грузиянын ордуна расмий жана тарыхый Сакартвело деген аталышты колдонуу сунушталат. Долбоордо өлкөнүн атын өзгөртүүдөн тышкары грузиндерди картвелдер деп атоо сунушу да киргизилген.
Мыйзам долбоордун авторлору бул аракеттер Киев менен Тбилисини жакындатат, өлкөлөрдүн "орусташкан" аталыштарынан оолактатат деп түшүндүрүшкөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Бахмутту жоготконун моюндады