Бишкектин борборунда туристтик фестиваль өтүүдө. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкекте туристтик фестиваль өтүп жатканын Туризмди колдоо фондунан билдирди.
1 / 7

Бишкекте туристтик фестиваль өтүп жатканын Туризмди колдоо фондунан билдирди

2 / 7

Иш-чаранын максаты — Кыргызстанда ички туризмди өнүктүрүү

3 / 7

Эмен багында коноктор үчүн мастер-класстар, түрдүү оюн-зооктор, гастрономиялык зона уюштурулган

4 / 7

Фестиваль туроператорлордун, кол өнөрчүлөрдүн, конок үйү, мейманкана өкүлдөрүнүн, туристтик кызматтардын провайдерлеринин башын бириктирди

5 / 7

Этникалык шоу-программалар тартууланып, каалоочулар улуу көчмөндөрдүн стилинде сүрөткө да түшө алат

6 / 7

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду бул фестиваль турсезонду баштоого жакшы өбөлгө болорун белгиледи

7 / 7

Анда рыноктун 100дөн ашуун активдүү катышуучусу кызматын тартуулоодо.

Иш-чаранын максаты — Кыргызстанда ички туризмди өнүктүрүү.
Эмен багында коноктор үчүн мастер-класстар, түрдүү оюн-зооктор, гастрономиялык зона уюштурулган.
Фестиваль туроператорлордун, кол өнөрчүлөрдүн, конок үйү, мейманкана өкүлдөрүнүн, туристтик кызматтардын провайдерлеринин башын бириктирди. Этникалык шоу-программалар тартууланып, каалоочулар улуу көчмөндөрдүн стилинде сүрөткө да түшө алат.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду бул фестиваль турсезонду баштоого жакшы өбөлгө болорун белгиледи. Анда рыноктун 100дөн ашуун активдүү катышуучусу кызматын тартуулоодо.
Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылып, бийлик кандай даярданганын айтып берди