Анкара — Бишкек — Анкара багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда

2023-жылдын август айынан баштап Түркиянын борборуна Бишкектен күн сайын самолёт учары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Анкара — Бишкек — Анкара багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту маалымдады.
Билдирмеге ылайык, каттам 3-июндан баштап ишке кирет. Аны "Манас" эл аралык аэропорту" ААК Түркиянын AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте жүргүзөт. Мекеменин маалыматы боюнча, AnadoluJet — Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду ишканасы.
Түркиянын борборуна аба каттамдары жумасына төрт жолу — дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Эл аралык аэропорттон 2023-жылдын август айынан баштап бул аба каттамдар күн сайын боло тургандыгын кошумчалады.
Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат