Афган чымчыгы таранчы, торгой, чабалекейлерди жок кылды. Экологдун маеги

Биологиялык коопсуздуктун сакталышы, табиятка аяр мамиле жасоо келечек муунга жасаган жакшылык экенин, тилекке каршы, көбүбүз аңдай бербейбиз.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде эколог Гамал Соронкулов болду. Биз өлкөнүн экологиялык абалы, биотүрдүүлүктү сактап калуу тууралуу сүйлөштүк.
Эколог Гамал Сооронкулов
— Жакында эле биотүрдүүлүк боюнча борбордо жыйын болуп өттү. Кандай маселелер козголду?
— Кыргызстандагы экологдордун, активисттердин чоң жыйыны болду. Эл аралык көмөк көрсөттү. Кыргызстанда дүйнө жүзүнүн флорасынын эки пайызы, фаунасынын үч пайызы бар экени айтылып жүрөт. Бирок жер-жерлерде көйгөй көп. Буга чейин Лейлекте жайгашкан Саркент коругунда, Лейлек токой чарбасында болгонбуз. Ал жерде биздин Сурма-Таш деген коругубуз бар. Бул жагы Чоң-Алайга чейин жетти. Өз көзүбүз менен көрүп келип, маалыматты бөлүштүк. Эң чоң көйгөйлөрдүн бири — бул баягы эле таштанды маселеси. Папан суу сактагычынын тегерегинде, капчыгайларда малдын өлүмтүктөрүнө жорулар да тийген эмес. Активисттердин айтымында, уу жеп же кайсы бир оорунун кесепети болуп жатат окшойт. Биздин экологияга антропогендик басым малдын көптүгүнөн улам болот. Аксыда жылына сел жүрөт. Малдын көптүгү айлана-тегеректи тебелеп, такыр кылып таштайт. Жаан сиңбей, ылдый сайга агып андан сел, жер көчкүлөр болуп турат.
— Жыйында көйгөйлөрдүн чечүү жолдору да сунушталганын айттыңыз. Кандай сунуштар берилди?
— Биоартүрдүүлүк (жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсү — ред.) боюнча алсак, Бишкек — Ош жолунун 424-чакырымында жайгашкан Кызыл-Бейит айылында электр жарыгы, жолу жок тургундар жашайт. Ошол жердеги беш-алты айыл эң бийик чоку — Суук-Дөбөнүн булактарынан ичет. Ал жерде алтын кенине чалгындоо иштери жүрүп жатат. Ал экологияга абдан чоң таасир берди. Биз Илимдер академиясы менен биргеликте изилдөө иштерин жасаганыбызда алтын кенинин 40 гектар лицензиялык аянтынын он гектарында эле жергиликтүү тургундар менен токой чарбасынын көзүнчө кызыл китепке кирген 986 түп перс алма четин дарагын санап, актылап бердик. Эми муну сактап же башка жерге көчүрүп бериши керек. Бул мүмкүн эмес. Ошону менен күзүндө жана кышында чалгындоо иши токтоп калган. Бирок эми кайра эле улантып жатышат. Чалгындоо иштеринде химиялык заттар колдонулат. Аны ошол жердеги экологиялык активисттер көрүп, сүрөткө, видеого тартып алышкан. Жер 200-300 метрге чейин казылууда. Бул сөзсүз булакка терс таасирин тийгизип, сууну булгайт. Министрликке да бул боюнча кайрылуу болду. Эми атайын адистерди, илимпоздорду алып маселени жеринде көргөнү жатабыз. Бишкек — Ош жолундагы сайларда жапайы курма, анар, жүзүм, алма бар. Бул ландшафттарга кызыккан экологдор, ботаниктер Москвадан бери учуп келип жатышат.
Мындан тышкары, ар кандай долбоорлорду жазып, өлкөгө марал, жейрендерди алып келип жатабыз. Таласка алып келинген маралдар кыштан аман-эсен чыгып кетишти. Жок болуп кеткен жаныбарлардын ордун толуктап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек.
Лизингге асыл тукум мал алуу жеңилдеди. Айыл чарба адисинин маеги
— Бизде өсүмдүктөрдүн абалы кандай болуп жатат?
— Азыр дары чөптөрдү өстүрүү боюнча ассоциация түзүлдү. Аларды коммерциялык багытта терип чогултуу — бул браконьерлик. Сыртка алып чыгууга Илимдер академиясы мыйзам боюнча уруксатын берип, лицензияны министрлик жазып берет. Бирок 100 килограммга гана макулдук берсе, бизде тонналап чыгып кетип жатат. Чек ара кызматы, күч органдары деген бар, алар карашы керек. Бирок экоактивисттер мындай көрүнүштөрдү бир аз азайттык.
Кыргызстанда дары чөптөрдүн 200 түрү бар экен. Анын 30 түрүн өстүрүүгө болот. Муну билгендер атайын өстүрүп, үйлөрүндө көбөйтүп жатат. Аларга эл аралык деңгээлде кайрылуулар болуп жатыптыр. Дары чөптөрдүн касиетин эл пандемияда да көрдү. Эрмендин да пайдасы көп. "Дары чөптөр" деген уюм түзүлүп, ферула, чайыр чөптөрдү гектарлап эгип жатат.
Баткенден келе жаткандагы сөксөөл токойлору көзгө толумдуу болуп өсүп жатат. Ал жерден коёндорду да көрүп калам. Мындай дары чөптөрдү, пайдалуу дарактарды өстүрүүнү мамлекет да колго алышы керек.
— Бишкекте афган чымчыгы көбөйүп, таранчы, торгой, чабалекейлер жоголуп кеткени да айтылууда…
— Бул чын. Чабалекей, торгой, таранчы өңдүү майда канаттуулар өтө зыян тартты. Ысык-Көлгө форелди алып келсек, чабакты жок кылды. Судакты алып келсек, форелди азайтып салды. Мунун баары сырттан алып келинген каталар. Табиятка жардам бербесек да талкалабашыбыз керек. Жер энебизге таштанды таштап, түкүрбөй таза кармайлы. Министрлик экологдордун көзөмөл функциясын алып койгону өтө өкүнүчтүү. Алар текшерүүгө барарда атайын уруксат алып, анан эскертип барат. Мындай болбойт да. Мисалы, чалгындоо иштери күнү-түнү жүрүп, биотүрдүүлүккө терс зыянын тийгизүүдө. Маселе жаралып арыз түштүбү, дароо барып жеринде реакция жасалышы зарыл. Токой чарбасын өзүнчө комитет кылып коюу керек эле.
Жер көчө турган аймакта жашаган 2 110 бүлө жардам алса да көчпөй жатат. Маек