Уролог крандан алып ичкен суунун пайда-зыянын айтып берди

Дарыгер кайнатылбаган суу бөйрөктөгү ташты пайда кылышы мүмкүн экендигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын жашоочулары сууну крандан алып эле кайнатпай иче беребиз. Айрымдарыбыз мындай суу даамы менен гана өзгөчөлөнбөстөн, пайдалуу деп ишенебиз. Чынында эле ошондойбу, сууну крандан түз алып ичүү бөйрөккө кандай таасир берет? Бул суроого уролог Игорь Князев Sputnik радиосуна курган маегинде жооп берди.
Дарыгер Кыргызстанда чындыгында суу таза экендигин белгиледи. Бирок суу өткөн түтүктөр, үйлөргө жеткирүүчү каналдар эскирип калгандыктан анын элге таза бойдон жетиши күмөндүү.
"Мындан тышкары, крандан алынган сууда кальций жана магний туздары болгондуктан ал катуу суу болуп эсептелинет. Ошондуктан кайнатылган сууда ак көбүрчөктөр, ал кайнаган идиште да ошондой из калат. Сууну крандан алып ичкенде ошол туздар бөйрөктө ташка айланат. Кайнатылган сууну ичүү менен суудагы туздун жарымынан арылууга болот", — деп түшүндүрдү уролог.
Ошондой эле адам күнүнө эки литрден кем эмес суюктук ичиши керектигин эскертти. Дарыгер эки литр суунун өзүн ичүү керек деген эреже жоктугун, мисалы, жакшы кайнатылып демделген чай крандан ичкен сууга караганда пайдалуураак болорун кошумчалады.
Сууну аз ичкен адамдын организми кандай өзгөрөт? Урологдун түшүндүрмөсү